20-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 600 учурду түздү.

Бүгүнкү күндө 24 мектеп убактылуу онлайн окутуу режиминде: Свердлов району (4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52), Биринчи май району(6, 18, 28, 29, 48, 70), Октябрь району (17, 26, 88, 62, 60, 73, 61), Ленин району (9,13)

2022-жылдын 20-январына карата №135 бала бакча (Октябрь району) карантинге жабылган.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада ооругандардын саны өсүүдө. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана  эң эффективдүүсү эмдөөдөн өтүү. Өтүнөбүз, ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз.