Үстүбүздөгү жылдын аягында Бишкек шаарына «МИНСКИЙ АВТОМОБИЛЬНЫЙ ЗАВОД» ААКнын өкүлдөрү келишти

Расмий сапардын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен аталган компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда келишим түзүлүп, анын алкагында «МИНСКИЙ АВТОМОБИЛЬНЫЙ ЗАВОД» ачык акционердик коому МАЗ 206946 үлгүсүндөгү жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун бет ачарын тартуулады.

Транспорттун бул түрү Бишкек шаарынын аймагында 3 ай бою сыноодон өтөт. Сыноодон өтүү үчүн автобус бекер берилди.

Автобус №7, 38 жана 42-автобус каттамдарында убактылуу каттайт;

Белгилей кетсек, бул жапыз баскычтуу автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган. Ага төмөнкүлөр кирет:

-Автобуста майыптарга коляска менен кирүү үчүн бүктөлүүчү тепкич;
-Жүргүнчүлөрдү отургузуу/түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн кузовдун кыйшаюу "Клиринг" системасы;
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн тиешелүү аппараттарды бекитүүнү камсыздаган жабдуулар орнотулган.

27 орундуу шаардык транспорт экологиялык класс боюнча Еuro 5 тобуна кирет. Автобустун узундугу 8,8 метрди түзөт жана газ кыймылдаткычында (метан) жүрөт.