Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзамды жарандар тарабынан сактоо боюнча рейддер башталды.

Учурда рейдди райондук акимиаттын, МАБнын, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү жүргүзүүдө.

“Beef Burgers” кафеси, “Золотой телёнок” бильярд залы арасында тартип бузгандарды аныктадык. Жабык жайдын ичинде тамеки тартуу боюнча протоколдор жазылды.

Белгиленген санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн санэпидкөзөмөл "Бублик" кофейнясына акт түздү.

Эскерте кетсек, рейддик иш – чаралар Биринчи май районунун аймагында жайгашкан барларда, дискоклуб, кальян чегүүчү жайларында, оюн-зоок/интернет клубдарында, сауна, бильярд ойноочу жайларында өткөрүлөт. Алар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнү, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын кандай аткарып жаткандыгын текшеришет.

Урматтуу бизнес коомчулук өкүлдөрү! Сизди Мыйзамга ылайык иш алып барууңузду  суранабыз. Биргелешкен аракеттер менен тамеки чегүүгө каршы күрөшүүдө жакшы натыйжаларга жетебиз.