Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев шаардыктарды жеке кабыл алууда.

Бул жолу шаардыктар материалдык жардам, жер маселелери, курулуш маселелери жана райондун турмуштагы ар кандай маселелер боюнча кайрылышкан.

Шаардыктардын бардык өтүнүч кайрылуулары боюнча тийиштүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, берилген бардык маселелер КРнын мыйзамдарынын чегинде ыкчам чечилет.

Урматтуу шаардыктар!

Райондун башчысынын жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 15:00дө алдын-ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөөрүн эскерте кетели. Жазылууга кабыл алуу номуру:

(0312) 65-69-05, 65-69-09.

Башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматов жеке кабыл алууну шаршемби күнү, акимдин орун басары Бакыт Карабаев шейшемби күнү жана социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Айзада Джунусовав жума күндөрү кабыл алат.