Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков шаардыктарды  жеке кабыл алды.

Айрыкча, жашоочулар материалдык жардам көрсөтүү, «Бакай-Ата»  конушундагы жерди мызамдаштыруу жана чектеш аймакты көрктөндүрүү маселелери боюнча кайрылышкан.

Жарандардын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине тапшырмалар берилип, бардык көтөрүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ыкчам түрдө чечилет.

Эске салсак, аким ар бейшемби күнү саат 15:30дан 17:30га чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. - (0312) 36-01-93 телефону аркылуу жолугушууга жазылсаңыз болот.