Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында билим берүү борборунун, БҮМБ дарыгерлеринин, психологдордун, социалдык кызматкерлердин жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында үй-бүлөдөгү зомбулук, балдар арасында укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, жалпы билим берүү мекемелерине орноштуруу боюнча 20 материал каралды.

Белгилей кетсек, КРнын Өкмөтүнүн бекиткен жобосуна ылайык, балдар иштери боюнча комиссиянын отурумдары жума сайын өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер зомбулукка кабылган балдарга күбө болсоңуздар, райондордогу балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнө кайрылыңыздар:

- Биринчи май  району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин  району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов  району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарды колдоо борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түз байланышы: 111.