Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү.

Муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал  Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт.