Ленинград курчоосунан  аман чыгып, Кыргызстанга келген балдар тууралуу сөздү улантабыз. Бүгүн биз аңгемени Тольская Галина Ивановнага арнайбыз. Галина Ивановна 1929-жылы 1-сентябрда Ленинградда туулган.

Туулуп-өскөн шаарын курчоого алынганда кыздын кадимки жашоо образын өзгөрттү. Көз ирмемде ал жакындарынан ажырады – 36 жаштагы апасы менен синдилери каза болду.

Галина Ивановна согушка чейинки тынчтык жылдарды эскерет, андан кийин апасы ага кийим тигип, бут кийим сатып бергендерин эстейт.
Согуш келгенде кичинекей Галя 12 жашта эле, дагы бир бөбөгү 8 жашта, эң кичүүсү алты ай  болчу. Апасы жумушка кеткенде Галя көбүнчө алар менен калаарын эскерет.

«Апам снаряддын үнүн укпасын деп бизге жаздыктарды жаап койчу. Биз бир керебетте  уктачубуз. Бир күнү кыздардын бири ачкадан өлүп калды, андан кийин  экинчиси да ачкадан өлүп калды... Эртең менен апам келгенде, мен эки өлүк синдилерим менен жатканмын, — деп эскерет Галина Ивановна.

Каарманыбыздын айтымында, жардыруулар белгилүү  бир  сааттарда болгон. Бул коркунучтуу убакыттын ичинде, алар бомба баш калкалоочу жайга жашынып калышчу. Аба чабуулу болгондо эч нерсени карабай бомба башкалкалоо жайына чуркап, жашынууга аракет кылгандарын эскерет.

Адамдар ал жерде тамагы жок, суусу жок отурушчу. Бомбалар тынбай ташталган. Ачкадан буттары шишип, баары чарчап, ыйлаганга да  күчтөрү калбай,  жөн гана өлүмдү күтүп калышкан.

Галина Тольская 1942-жылы эвакуацияланган. Согуштан кийин Ташкенттеги Сталин атындагы текстиль комбинатынын кампасында эсепчи болуп иштеген. 1960-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, желим буюмдарын чыгаруучу заводдо эсепчи болуп эмгектенген. «Курчалган Ленинграддын  жашоочулары» төш белгиси менен сыйланган.