Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарына финансылык каражат бөлүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү Бишкек шаарынын батыш кире бериш аймагын жакшыртуу үчүн 600,000 юань бөлдү, бул каражаттар коомдук бакча түзүүгө жана Дэн Сяопин проспектиси боюнча Алыкул көчөсүнөн  Кустанай көчөсүнө чейин жашыл мейкиндиктердин аянтын көбөйтүүгө багытталган.

Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.