Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40%га көтөрүлөт.

Көбөйтүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.

Башкармалыктын кызматкерлеринин айлыгы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен көтөрүлүүдө.

Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды.

Белгилей кетсек, маяна маселеси шаар мэри Айбек Жунушалиевдин өткөн жылдын соңунда Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Ошол  учурда коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылган.