Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Эки кабаттуу имаратта тамактануучу жай, жуунучу бөлмө жана 31 бөлмө бар.

Учурда тамактануу бөлмөсү, жуунучу бөлмөлөр оңдолуп, кафель төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле камералар, коридорлор, администрациянын кеңселери жана кабылдамалар оңдолууда. Мындан тышкары желдетүү системасы жана ички жылытуу системасы да оңдолот.

Тендердин жыйынтыгы менен капиталдык оңдоо иштерин «Рамазан Курулуш» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Оңдоо иштерин ушул жылдын апрель айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.