Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Ушул жекшембиде, 27-февралда Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери жанданды.

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча,төмөнкү көчөлөр жарым-жартылай жабылып даярдык иштери башталат:

1. Турусбеков көч. Ташкент көчөсүнөн Щербаков көч. чейин;
2. «Ак-Босого» жаңы конушундагы Архитекторлор көч. Кыргыз көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин;
3. Кулатов көч. Каракөл көчөчунөн Байтик-Баатыр көч. чейин;
4. Стадион көч. Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көч. чейин;
5. Чортеков көч. Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл-Баатыр көч. чейин;
6. Баба-Ата көч. Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көч. чейин;
7. Ашар көч. Лущин көчөсүнөн Өмүр көч. чейин;
8. Түгөлбай-Ата көч. Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көч. чейин;
9. Коенкөзов көч. Бөкөнбаев көчөсунөн Чуйков көч. чейин;
10. Чүй проспектиси  Ауэзов көчөсүнөн  “Учкун” жаңы конушунун аягына чейин;
11. Гидрокуруучулар көч. Курманжан-Датка көчөсүнөн Аул көч. чейин "Эне-Сай" конушундагы  Аламүдүн дарыясынан көпүрө куруу менен;
12. Сухе-Батор көч. Каралаева көчөсүнөн 7-апрель көч. чейин көпүрөнүн курулушу менен;
13. Карасаев көч. Юнусалиев көчөсүнөн Карадарыя көч. чейин;
14. Кривоносов көч. Л.Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көч. чейин;
15.Бектенов көч. Карасаев көчөсүнөн Горький көч. чейин;
16. Маликов көч. Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой көч. чейин;
17. Фрунзе көч. Т. Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көч. чейин;
18. “Арча-Бешик” конушундагы Шералиев көч. Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көч. чейин;
19. Манас көч. Ташкент көчөсүнөн Баялинов көч. чейин;
20. Мессароша көч. Дэн-Сяо-Пин  көчөсүнөн Жамгырчинов көч. чейин ;
21. Эр-Тайлак көч. Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көч. чейин;
22. Жантөшев көч. Байтик-Баатыр көчөсүнөн Ж.Пудовкин көч. чейин;
23. «Арча-Бешик» конушундагы Жайыл-Баатыр көч. Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көч. чейин;
24. Өмур көч. Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көч. чейин.

Белгилей кетсек, көчөлөрдүн көбүндө былтыркы жылдан калган иштер жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун алдын ала автотранспорт менен жүрүү маршруттарын ойлонуп көрүүнү суранат.

Эске салсак, Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкек шаарында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.