Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биринчи  жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоору жана кийинки жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдору талкууланды.

Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков бюджеттин долбоору тең салмактуу - Бишкек шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 11 690,0 миллион сом өлчөмүндө пландаштырылганын, 2021-жылга бекитилген планга салыштырмалуу өсүү темпи 114,3% же 1459,0 млн сомго көп экенин билдирди.

Муниципалитет башчысы бюджеттин долбоорун Бишкек шаардык кеңештин сессиясына алып чыгуунун алдында, ар бир кызмат шаардын кийинки тоскоолдуксуз жашоосу үчүн документти изилдеп чыгышы керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, бир айлык мөөнөттө чарбалык кызматтардын жетекчилери шаардык чарба департаментине ички карыздар боюнча маселесин чечип бериши керек.

Эмилбек Абдыкадыров ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилерине бир катар милдеттерди койду. Алар:

•Райондук администрациялардын башчылары шаарды жашылдандырууга басым жасоо менен жалпы шаардык ишембиликтерди өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоосу зарыл;
• «Бишкекжашылчарба» МИ шаардык кызматтар менен биргеликте жайкысын жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз сугаруунун так схемасын түзүү тапшырылды;
• «Тазалык» МИ шаар боюнча санитардык тазалоону күчөтүү тапшырмасы берилди;
• Акимдер чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери жана ижарачылары менен имараттардын фасаддарын жана анын айланасын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл;
• Шаардык көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө инспекциясына курулуш объектилеринде коопсуздук эрежелеринин сакталышын, анын ичинде курулуш паспортторун, адамдар өтүүчү убактылуу тепкичтердин жана көпүрөлөрдүн болушун, аймактын тосмолорун жана башкаларды текшерүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мэрдин жумушчу жыйындары эми ар ишемби күнү өткөрүлөт.