Горький атындагы сейил багында өткөн митингде жашы жете электердин катышуусу тууралуу борбор калаанын мэриясы төмөндөгүдөй билдирет.

Билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, сүрөттөрдө чындап эле мектеп окуучулары. Бирок борбор калаанын мектептеринде 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникул.

Балдар бул иш-чарага өздөрү мүчө болгон аскердик-патриоттук клубдун ишинин алкагында тартылган.

Балдарды ата-энелери коштоп жүрүшкөн.

Жооптуу клубдар жана мектептер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жазага тартылат.