Аба -ырайынын жылышы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүштү.

Калаанын борборунда таман таштарды алмаштырууну баштадык.

Учурда Ак үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин таман таштарды  жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жакында Т.Турсунбаева, Достук скверлеринде, Өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында,  Өкмөттүк скверде жана Ала-Тоо аянтында таман таштарды алмаштыруу пландаштырылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эскерте кетсек, шаарды көрктөндүрүү боюнча арыздар 1840 жана 1850 телефондору аркылуу күнү-түнү кабыл алынат, көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.