4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология башкармалыгынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.
Эске салсак, бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо керектөөчүлөр жылуулуктан өчүрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта борбор калаада 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин аяктоо боюнча буйрукка кол коет.
Маалымдама номерлери:
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы: (0312) 21-28-47, (0312) 212844.
«Бишкекжылуулуктармагы» ААК телефондору:
- (0312) 61-11-69 - керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
- 36-57-19, 30-07-67 - борбордук райондун инженерлери;
- 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк аймагынын нөөмөт инженери;
- 56-85-58 - диспетчердик кызмат.