Эки борбордук райондо үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында тамекиден баш тартуу мектептери ачылды.

Биринчи май районунда психиатр-нарколог дарыгерлер шейшемби жана жума күндөрү саат 13:00дөн 14:00гө чейин кабыл алышат.
Мектептер төмөнкү даректер боюнча иштейт:

- №3 ҮМБ (№100 кабинет) дареги: Логвиненко, 30/1, (0312) 325232;
- №7 ҮМБ (№7 кабинет) дареги: Тоголок-Молдо көч., 3/1, (0312) 662044.

Свердлов районунда наркологиялык врач-психиатрлар шейшемби жана жума күндөрү саат 14:00дөн 15:00гө чейин жардам көрсөтүүгө даяр:

- №5 ҮМБ (№408 кабинет) дареги: Көлбаев көч., 42, (0312) 635123;
- №5 ҮМБ (мурдагы №9 ҮМБ №109 кабинет) дареги: Курманжан Датка көч. 109 а, (0312) 368830;
- №10 ҮМБ 10 Свободная көч.,9 (мурдагы №14 ҮМБ, №32кабинет), 678274.

Мектептердин иши никотинге көз карандылыкты жоюуга жана тамеки тартууга байланыштуу оорулардын санын азайтууга багытталган. Тамекини таштоону каалаган бейтаптарга консультациялык жана профилактикалык жардам көрсөтүлөт.

"Тамекини таштоо мектебинде" сиз акысыз квалификациялуу жардам ала аласыз жана көз карандылыктан биротоло арыласыз.

Урматтуу шаардыктар! Биз тамекини таштоону, эркин дем алууну, көз карандылыктан жана көптөгөн оорулардын коркунуч факторунан арылууну каалагандардын баарын чакырабыз.