“Достук” Кыргыз-Түрк ооруканасы борбор калаанын мэриясынын балансына өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү №15/2 дарегинде жайгашкан  Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын  жалпы аянты 10037,4 м2 түзөт.

Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография,  магниттик-резонанстык томография,  маммография, рентген жабдуулары,  УЗИ,  гастроскоп,  эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.