«Алтын-Ордо» конушунда Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин курулушу уланууда, азыркы учурда биринчи блоктун үчүнчү кабатын салуу процесси аяктап жатат.

Ошондой эле, биринчи жана экинчи кабаттын үчүнчү блогунда дубал төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Аянты 3521,0 чарчы метрди түзгөн мекеме 480 окуучулук  орунга ылайыкталган. Жер тилкесинин аянты 1,38 га.

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда 8666,94 чарчы метр аянтты ээлеген 660 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бүгүнкү күндө үч блоктун ички дубалдары шыбалып, откана жана сырткы даараткананы куруу иштери жүрүп жатат.

«Ак-Бата» конушундагы 651,71 чарчы метр аянтты ээлеген №43 орто мектептин кошумча имаратынын курулушу жүргүзүлүүдө. Жер тилкесинин аянты 0,51 га. Колонналарды монтаждоо жумуштары аяктап калды, линияларды орнотуу иштери өткөрүлүүдө.

«Рухий-Мурас» конушунда долбоордук кубаттуулугу 700 орундуу, аянты 5519,0 чарчы метр болгон жалпы билим берүүчү мектептин курулушу улантылууда. Жер тилкесинин аянты 1,8 га. Учурда алар фундаменталдык чуңкурду өздөштүрүү жана жыйындар залынын имаратын түптөө үчүн даярдык көрүүдө.

«Көлмө» жаңы конушундагы долбоордук кубаттуулугу 380 орундуу, аянты 2309,0 чарчы метр болгон орто мектепти курууга тендер жарыяланды.

Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалык тарабынан №10 жана №76 орто мектептерде капиталдык оңдоо иштери улантылууда.

№10 орто мектепте демонтаждоо иштери жүрүгүзүлүүдө. Мектеп үч блоктон турат, анын эки блогун тирөөч конструкцияларын бекемдөө менен капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2369 м2, 640 окуучуга ылайыкталган. Имараттын ичинде аянты 172 м2 болгон актовый зал, чечинүүчү бөлмөсү бар спорт залы жана 2 санузел каралган. Мындан тышкары, жалпы аянты 7500 м2 болгон мектептин аймагы көрктөндүрүлөт.

№76 орто мектеп «А» жана «Б» блокторунан турат. Бүгүнкү күндө мектепте демонтаждоо иштери уланууда, ошол эле учурда «А» блогунда фундамент иштери жүрүүдө. Мектеп тирөөч конструкцияларын бекемдөө менен реконструкцияланат. Мектептин эки кабаттуу имараты 550 окуучуга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 2341 м2. Мектептин имаратында 2 санузел каралган.

Объекттердин тегереги да көрктөндүрүлөт: жашылдандырылып, тосмо орнотулуп, жолдор жана тротуарлар иретке келтирилет, ошондой эле балдар үчүн спорт аянтчалары жана воркаут курулат.

Мектептердеги капиталдык оңдоо иштерин подряддык уюмдар «Аргын курулуш» ЖЧКсы жана «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө.