Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясындагы аварияны жоюунун 36 жылдыгы. Кырсык болгон блоктон жүз метр аралыкта иштеген баатыр жөнүндө баяндагыбыз келет.  Кырсык болгон жерге жакын жайгашкан аймакта Кыргызстандан  жападан жалгыз дарыгер Искендер Шаяхметов болгон.

Бүгүнкү күндө Искендер Белекович Тез медицина борборунун башкы дарыгери.

1985-жылы КММИнин дарылоо факультетин «Жалпы медицина» адистиги боюнча аяктаган. «Тез жардам жана кечиктирилгис жардамдын дарыгери» адистиги боюнча бир жылдык интернатураны аяктаган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу башкаруу академиясынын "Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" факультетин сырттан бүтүрүп, "менеджмент"багыты боюнча магистр даражасын алган.

Ал өзүнүн эмгек жолун көчмө адистештирилген кардиологиялык бригаданын, реанимация тобунун дарыгери болуп баштаган.

1991-1998-Бишкек шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары. Ар кайсы жылдары тез жардам дарыгери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат жана экология боюнча комитетинде консультант, шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору болуп иштеген.

Искендер Шаяхметов - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги, саламаттык сактоонун медициналык уюштуруучусу жогорку квалификациялык категориясына ээ, "Чернобыль Баатыры" ордени менен сыйланган, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жарлыгы менен, ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери деген ардактуу наам ыйгарылган.

Борбор калаанын мэриясы дарыгерге жана бардык кырсыкты жоюучуларга чың ден соолук каалайт. Куткарылган дүйнө үчүн рахмат жана эрдигиңиздин алдында таазим кылабыз.