Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Рязань облусунун губернатору Николай Любимов баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар туризм, билим берүү, коммуналдык чарба жана курулуш тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Николай Любимов калаа башчысын Рязандын өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көп тармактуу көргөзмө экспозициясына келүүгө чакырды. Эки айдын ичинде аянтчада облустун 57 ишканасынын продукциясы – 500дөн ашык товарлардын үлгүлөрү жана уникалдуу иштеп чыгуулар көрсөтүлөт.

Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүгө ишенимин билдирди.