7-майда шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын батыш тарабында жайгашкан №40 мектептин кошумча окуу корпусунун пайдубалына капсула салды.

Мэр өз сөзүндө мамлекет башчы шаар бийлигинин алдына 5 айдын ичинде 16 мектеп жана 5 бала бакчанын курулушун бүтүрүү тапшырмасын койгонун эске салды.

«Урматтуу шаардыктар! Учурда жүрүп жаткан курулуш иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, сабырдуулук менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Имаратты өз убагында бүткөрүү үчүн  куруучулардан эки, ал турсун үч сменада иштөөнү сурандык. Биз өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алышына, ал эми мугалимдердин иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди мэр.

Планда 550 окуучулук орунга ылайыкталган үч кабаттуу, жертөлөсү Т- формасындагы имарат куруу пландалууда. Имаратта тейлөө, коммуналдык бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, окуу класстары жана кеңселер болот.

Айта кетсек, имаратты курууга кеткен чыгымга газ отканасын куруу, тышкы инженердик тармактар, сырткы жана ички жасалгалоо жана жашылдандыруу кирет.

Имарат курула турган жер тилкесинин жалпы аянты 1,52 га, ал эми имараттын аянты 4137 м2.

Кошумча корпусту «СК Лидер Хаус» ЖЧКсы курат.