Борбор калаада №73 орто мектептин кошумча имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө мамлекет башчы шаар бийлигинин алдына 5 айдын ичинде 16 мектеп жана 5 бала бакчанын курулушун бүтүрүү тапшырмасын койгонун белгиледи.

«Урматтуу шардыктар! Имаратты өз убагында бүткөрүү  үчүн куруучулардан эки, ал турсун үч сменада иштөөнү сурандык. Биз өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алуусуна, ал эми мугалимдерге жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди мэр.

Кошумча үч кабаттуу окуу корпусу 550 окуучуга ылайыкталган.

Биринчи кабатта гардероб, ашкана, коммуналдык жана тейлөө бөлмөлөрү, кампалар жана ванна бөлмөлөрү, медициналык кабинет, устакана жана дарылоо бөлмөлөрү болот. Экинчи кабатта спорт залы, инструктордук кабинет, жабдуулар бөлмөсү, душтары бар кийим чечүүчү бөлмөлөр, окуу залы, иш бөлмөлөрү, окуу кабинеттери, психологдун кабинети, лабораториялар жана жуунучу бөлмөлөр каралган, ал эми үчүнчү кабатта: окуу кабинеттери, лаборатория жана ванна бөлмөлөрү болот.

Айтмакчы, баага имаратты бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу кирет.

Мектеп борбор калаанын чыгыш тарабында, Тунгуч кичирайонунда жайгашкан. Имаратты кура турган подряддык уюм «Адис Строй» ЖЧКсы.