«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Ырсалиев Жамалбек Самарбекович дайындалды. Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Вице-мэрлик кызматка Попиков Олег Владимирович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.