Ленин районунун Токтогул, Айни, Кривоносов көчөлөрүндө жана Манас проспектисинде  башаламан сооданы жоюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейдди Ленин районунун акимиаты Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ПМББ, Бишкек шаарынын энергия сатуу кызматынын,  «Бишкексвет» МИ жана Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүштү.

Бишкек шаарынын аймагында сооданы уюштуруу эрежелерин сактоо жана белгиленбеген жерлерде соода кылбоо боюнча башаламан соода кылган соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында көчөлөр, тротуарлар тазаланып, актылар түзүлдү.

Борбор калаанын мэриясы жарандарды жана ишкерлерди Бишкек шаарында сооданы уюштуруу эрежелерин сактоого жана белгиленген жерлерде гана сатууга чакырат.