Биринчи май  акимчилигинин кызматкерлери пионердик кыймылдын 100 жылдыгы майрамын эскеришти.

Алар аталган чакырыкка катышып, пионердин галстугу менен сүрөткө түшүштү.

2022-жылдын 19-майында СССРдеги балдардын массалык уюму болгон В.И.Ленин атындагы Бүткүл союздук пионер уюмунун негизделгенине туура 100 жыл болот.

Көптөр үчүн пионердик кызмат – бул бүтүндөй маданий катмар жана доордун мурасы, эбегейсиз зор педагогикалык тажрыйба, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоонун жана алардын алектенүүсүнө карата түзүлгөн орчундуу системасы болгон.

Ал 1922-жылдын 19-майында «Балдардын кыймылы» резолюциясын кабыл алган РКСМнын II Бүткүл россиялык конференциясынын чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери 19-май Пионер күнү катары белгиленип келет. 1924-жылга чейин пионер уюму «Спартак» атын алып жүргөн, ал эми Ленин каза болгондон кийин  анын атын алган. Пионер уюмунун иш-аракетине ВЛКСМ Борбордук Комитети жетекчилик кылган. Алар отличниктерди пионерликке Лениндин музейинде, калгандарын мектептерде кабыл алышкан.