Бишкекте мектептерди оңдоп-түзөө иштери уланууда, анын ичинде эки имаратты бекемдөө иштери жүрүүдө.

Алсак, 360 орунга эсептелген №76 орто мектепте 1-2-кабаттарды демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарын бетондоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы «Арай» ЖЧКсы.

Долбоордун кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган №10 орто мектепте ички дубалдарын торкеттештирүү жана терезелерин бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. (сейсмикалык тилке). Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы уюм «Аргын курулуш» ЖЧКсы. Куруучулардын бригадалары жумасына жети күн иштешет, иштин көлөмүнүн өсүшү менен адамдардын саны 100гө, азыр 80ге жетет.

Эки имараттын тең пайдубалы да бекемделет.

Белгилей кетсек, №76-мектептин дээрлик бир кылымдык тарыхы бар, ал 1926-жылы, ал эми №10-мектеп 1938-жылы курулган.

Маалымдама: Торкеттештирүү – бетонду же майда фракциядагы цемент аралашмасын көп катмарлуу чачуу ыкмасы, чоң көлөмдөгү курулуш, калыбына келтирүү же бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн колдонулат. Аларды ишке ашыруу үчүн атайын бетон орнотуулар колдонулат.