Будённый көчөсү канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн жабылат.

16-майдан баштап канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн Будённый көчөсүнүн Куликовский көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Курулуш иштери 5 этап менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө узундугу 310 погондук метрди түзгөн магистралдык канализация тармактарын куруунун биринчи этабы аяктоо стадиясында турат. Экинчи этапта узундугу 500 погондук метрге жеткен тармактарды куруу пландаштырылууда. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулат.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Ушул жылдын май айынын аягына чейин тармактык курулуштун биринчи жана экинчи этабын бүтүрүү пландалууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат.