Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Баатыр энелер менен жолугуп, жылуу маанайда чай ичти.

Мэр менен жолугушууга Жумабаева Куласал Садыбакасовна жана Тажибекова Бактыгүл катышты.

Борбор калаанын мэри айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Куласал Садыбакасовна 10 баланы тарбиялап өстүргөн, алардын экөө эгиз, бирөө үч эм. 2011-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган.

Тажибекова Бактыгүл 10 баланын энеси. 2000-жылы «Батыр-Эне» ордени менен сыйланган.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туш келди.