Энелер күнүнө арналган майрамдын урматына карата борбор калаада өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү.
Катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап  Горький сейил багына чейин басышты, сейил бакта концерттик программа, мастер-класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да куттуктоо сөз сүйлөп, чың ден соолук, бакубат жашоо каалады.

Бул иш-чара «Кыргызстан пенсионерлер партиясынын» демилгеси менен Биринчи май муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» МИнин  колдоосунда уюштурулду.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туш келди.