"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляцияны жана декоративдик оймо-чиймелерди жаңыртышты.

Ишкананын цехинде металлдан 12 атайын тирөөчтөрдү жасашкан. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба -ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон негиздери орнотулган.

Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү  жарыктар оролду.

Ошондой эле адистер жарык берүүчү  шарларды чаңдан жана кирден тазалашты.

Урматтуу шаардыктар! Эгер күтүлбөгөн жерден көчөңүз караңгы болуп калса, ишкананын авариялык диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым иштейт. Тел ном: 0312 46-30-89,57-63-51, ошондой эле  WhatsApp 0777 902-115  аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.