Борбор калаанын Ленин районунуна караштуу Садыгалиев-Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкексууканал» башкармалыгынын кызматкерлери диаметри 300 мм болгон түтүкчөнүн авариялык бузулуусун оңдоду.

Суу менен камсыздоо системасын монтаждоо үчүн түтүктөрдү бир линияга бириктирүүгө жана ошол эле учурда бириккен жерлерди ишенимдүү жабууга мүмкүндүк берген көчүрүлүчүү муфта колдонулду.

Ошондой эле муздак суунун агып чыгышын өз убагында аныктап, тез аранын ичинде оңдошту.
Суу менен камсыздоонун жана канализациянын талап кылынган ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн суу каналдарынын ишин жакшыртуу чоң мааниге ээ.