Ленин акимиатынын кызматкерлери «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы, Ленин райондук ИИБ  жана  райондук электр тармагы  менен биргеликте Жаш Гвардия бульварында жайгашкан мыйзамсыз объектилерди текшерүүгө алышты.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган батуттар жана балмуздак, суусундуктарды сатуучу пункттар аныкталган. Натыйжада ээлерне   түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз орнотулган 4 батут жана 1 муздаткыч алынды.

Ошондой эле  «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы  тарабынан соода түйүндөрүнө мыйзамсыз тартылган электр зымдары алынып салынды.

Урматтуу шаар тургундары ! Борбор калаанын мэриясы соода эрежелерин сактоону жана белгиленген жерлерде  сатууну суранат.