Эмен паркында заманбап тышкы чырактарды "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери орнотушту.

Жер астындагы ыкма менен жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө ПВХ түтүгүнө 80 сантиметр тереңдикте 650 метр кабель чубалгылары салынган. Эки катмар боёк менен боёлгон 17 жаңы жарык берүүчү түркүк жана бетон негиздери орнотулду. Учурда паркта 73 сырткы жарык түркүктөрүн тазалоо жана сырдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, "Ата-Түрк" паркында, Таттубубу Турсунбава атындагы сейил багында дагы жаңы курулуш жана жарыктандырууну реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгер күтүлбөгөн жерден көчөңүз караңгы болуп калса, ишкананын авариялык диспетчердик кызматы сиз үчүн ар дайым кызматта.Тел ном: 0312 46-30-89,57-63-51, ошондой эле  WhatsApp 0777 902-115  аркылуу билдирме  калтырсаңыз болот.