Жыл сайын, 2005-жылдан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен Бүткүл дүйнөлүк гипертония лигасы жана Эл аралык гипертония коому менен тыгыз кызматташтыкта 17-май Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнү катары белгиленип келет.

2022-жыл да четте калган жок жана быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 14-майындагы №574 “Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүн белгилөөнүн алкагында иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” буйругу менен, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын 2022-жылдын 16-майындагы №05-11/57 ушул эле аталыштагы  буйруктун негизинде , үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бул күнгө карата иш-чаралар уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында №5 ҮМБда жана бардык филиалдарда өлчөө пункттары жайгаштырылды, анда каалаган адам өзүнүн кан басым деңгээлин билип, үй-бүлөлүк медицина адистеринен кан басымын жогорулатуучу тобокелдик факторлору жана гипертониялык ооруну дарылоо боюнча консультацияларды ала алат, ошондой эле бул оорунун алдын алуу чаралары жөнүндө  маалымат биле алат.

Кан басымын бекер өлчөө боюнча пункттар: мурдагы №9 ҮМБда,  "Бакай-Ата", "Эне - сай" конуштарында, "Тунгуч", "Көк-Жар", "Учкун" кичи райондорунда, жана "Аламедин-1" кичи районундагы "Чынар" кичи базарында, 38 – гимназия мектебинде жайгаштырылды.

Ошондой эле сергек жашоо образы жана ага таасир этүүчү факторлор боюнча тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго мектеп жетекчилиги, директор, окуу жайдын мугалимдери, ата-энелер, мектеп парламентинин өкүлдөрү, ошондой эле №5 ҮБМнын, №19 ЖАБнын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун иши менен катар бул гимназиянын бардык мугалимдери өздөрүнүн кан басымын өлчөтүп, №5 ҮМБнын дарыгерлеринен тобокелдик факторлору, гипертонияны дарылоо жана алдын алуу боюнча кеп-кеңештерин ала алышты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери шаардыктар жана ҮМБнын жаш адистери үчүн  гипертония оорусунун алдын алуу жана дарылоо маселелери боюнча семинарларды жана лекцияларды уюштурушкан.

“Дордой Плаза” соода борборунда уюштурулган акцияга №5 ҮМБнын ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер катышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата борбордо гипертониялык оорунун 35 миңге жакын учуру катталган.