Жаңы конуштарда  мектептерди куруу иштери кызуу улантылып жатат.

Учурда «Алтын-Ордо» конушунун мектебинде имараттын 3-кабатына сейсмикалык тилке куруу жана 2-3-блоктордун чатырын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошону менен катар откананын  курулуш-монтаждоо жумуштары да жүргүзүлүүдө.

"Ак-Бата" конушундагы №43 орто мектептин аймагына кошумча имарат курулуп, анда спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана жайгашкан. Азыр спорт залдын 2-кабатын арматураларды орнотуу жана бекемдөө, полдун астын толтуруу, сырткы дубалдарын төшөө иштери жүрүп жатат.

"Рухий-Мурас" конушунда  жалпы билим берүү мектебин куруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 1-блоктун жана конференц-залдын колонналары, ошондой эле спорт залдын башмак фундаменти орнотулууда.

Мурас-Ордо конушундагы 660 орунга эсептелген жалпы билим берүүчү мектептин курулушу уланууда. Учурда бул объектиде үч блоктун тең дубалын электр менен камсыздоо, желдетүү, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле отказандын курулуш-монтаждоо иштери, жасалгалоо иштери үчүн материалдарды сатып алуу, терезе-эшиктерди орнотуу үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакында мектептин айланасын жакшыртууга даярдыктар башталат.

Белгилей кетсек, жумуштардын сметалык наркына имараттарды бүтүрүү, тышкы инженердик тармактарды куруу жана жашылдандыруу да кирет.