«Таберик» концерттик залында мектеп окуучуларынын илимий долбоорлорунун сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынак  экология-экономикалык лицейдин базасында өткөрүлдү.

Ага 100дөн ашык окуучулар  катышып,  89 долбоорду сунушташты.

Сынактын жыйынтыгында  жеңүүчүлөргө  сыйлыктар тапшырылды:

1-орун –№9  ОТК МГ  (ноутбук);
2-орун -№65  ЭЭЛ  (КФТ);
3-орун - №68 МГ (компьютер);
3-орун -№33 МГ (түстүү принтер);
4-орун - №6 ОТК МГ  (КФТ);
5-орун - №12 ОТК МГ (лазердик принтер);
5-орун - №69 ОТК МГ (түстүү принтер);
5-орун - №84 орто мектеп (лазердик принтер).

Илимий долбоорлор сынагында 1,2,3-орундарды ээлеген 127 студент мактоо баракчасы  менен сыйланышты.
Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.