Борбордо  “Мектеп китепканалары элдик чыгармачылыкты жана маданий мурастарды жайылтуу” аттуу сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Сынак шаардык  билим берүү мекемелеринде Билим берүү башкармалыгы тарабынан жарыяланып, эки этап менен өткөрүлдү.

Сынактын катышуучулары 1-турда «Кыргыз элинин  чыгармачылыгы» аттуу китеп көргөзмөсүнүн дизайнын түзүп, аны жакташты.

Көргөзмөнү жасалгалоодо айтылган темалардан чыгышкан жок.

Биринчи бөлүмдө: «Материалдык эмес маданий мурастар» - Бишкек шаарында жашаган ар түрдүү улуттун  үрп-адаттары, каада-салттары жөнүндө.

Экинчи бөлүмдө: “Байыркыдан келе жаткан салт” – кыргыз элинин үрп-адаттары, маданияты.

Үчүнчү бөлүмдө: “Манас” эпосунда баяндалган кыргыздардын улуттук тамак-ашы, суусундуктары.

Экинчи турда көркөм кол өнөрчүлүк жана мастер-класс көрсөтүү каралган.

Конкурска  мектеп окуучулары жана педагогикалык жамаат катышты.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу төмөнкү сыйлыктарды тапшырышты:

1-орун - №82 орто мектеп;
II орун - №79 орто мектеп;
III орун - №44 орто мектеп.

Эске салсак, 2022-жыл Азия өлкөлөрүнүн арасында Элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылы деп жарыяланган. Сынак ушул окуяга утурлай уюштурулган.