Акыркы убакта таштанды контейнерлеринин дөңгөлөктөрүн уурдоо же сындыруу фактылары көп катталууда.

Борбор калаанын мэриясы контейнерлерге аяр мамиле жасоону суранат.

Евроконтейнерлерди жылдырганга, ичиндеги таштандыларды өрттөгөнгө, курулуш таштандыларын таштоого болбойт.

Урматтуу шаардыктар!
Дөңгөлөктөрдү жана контейнерлерди сындыруу же урдоо фактыларына күбө болсоңуздар, сүрөт же видеолорду WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0550661657