“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери комиссиялык иликтөө жүргүзүп, андан соң  куурап калган жана тамыр системасы чириген  бак-дарактарды  санитардык бутоодон өткөрүшөт.

Азыркы  учурда Ч.Айтматов проспектисинде Ажыбек баатыр көчөсүнөн баштап Семетей көчөсүнө чейин бутоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Аталган көчөдө жалпы 800 терек, бирок бутоо иштеринен курап калган бутактары бар теректер   гана өтөт.

Санитардык бутоонун максаты - коркунучтуу эски бутактарды алып салуу.
Урматтуу шаардыктар, санитардык бутоо иштери боюнча 37-53-30 телефону жана Ташкент көчөсү №17 дарегине кайрылсаңыздар болот.