“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 20-майда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектисинин Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түштүк тарабы убактылуу жабылат.

Жабуу суу түтүктөрүндөгү аварияны жоюу болгон жерге асфальт-бетон төшөлмөсүн кайра төшөө иштерине байланыштуу.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан  каттамды алдын ала пландап алууларын суранат.