Урматтуу шаардыктар! Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жакынкы сааттарда жана кечинде борбор калаада туруксуз аба-ырайы күтүлөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктарды алдын алуу жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларды бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.