Шабдан Баатыр, Чокон Валиханов көчөлөрүнүн  кесилишиндеги авариялык абалдын жоюлушуна байланыштуу Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тилкеси менен унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралууда.

Диаметри 500 мм келген суу өткөргүчтө оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул абалды жоюу үчүн атайын техникалар жана «Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатацилык башкармалыгы  тартылган.

Оңдоо иштерине байланыштуу N5 троллейбустук каттамдын кыймылы өзгөрүп, ал Жал кичи районунан Чолпон-Ата жана Чүй көчөлөрү аркылуу каттайт.

Борбор калаанын мэриясы унаа ээлеринен түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.