9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу линейкалар  өтөт.

Быйылкы окуу жылында 9-классты 14257 окуучу жана  11-классты 8233 бүтүрүүчү  аяктап жатат.

Жалпысынан Бишкек шаарындагы 97 мектепте 177 миң окуучу билим алат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйругунун негизинде, Бишкектин жалпы билим берүү мекемелеринде акча чогултууга тыюу салынат.

Мыйзамсыз акчалай жана башка каражаттарды өндүрүү фактылары аныкталса, билим берүү уюмунун класс жетекчилери жана башка кызматкерлери тартиптик жазага тартылышат.

Эгерде сизден же жакындарыңыздан акча талап кылынса, төмөнкү байланыш номерине кайрылсаңыз болот: +996312613972; +996504110121