Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Жал-29 кичи районунда бала бакчанын курулушу уланууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 6 тайпага, 140 орунга ылайыкталган. Жер участогунун аянты 1,8 га, ал эми имараттын аянты 1484 м2.

Учурда подрядчы тарабынан жер казуу иштери бүткөрүлүп, фундамент куюу иштери жүрүп жатат.

Подряддык уюм "Улар-Транс" ЖЧКсы. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.