Октябрь райондук администрациясынын башчысы Азамат Дороев «Таш-Темир» ААК өнөр жай ишканасына барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкананын төрагасы  Артур Николаевич Пак акимди ишкананын активдери менен толук тааныштырып, цехтердин ишин көрсөттү.

Өз кезегинде район башчысы ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана өнүктүрүү үчүн өндүрүлгөн продукцияларды сатуу максатында кызматташуу сунушун айтты.

Эске салсак, «Таш-Темир» ААК 1993-жылы ЖБИ-2 ижара  заводунун базасында түзүлгөн. Чыгарылган продукция: курама темир-бетон, даяр бетон, курулуш эритмеси, арматура жана бетон буюмдары. Кардарлар жеке жактар - 12%, юридикалык жактар - 88%. Ишканада иштегендердин саны 176 адамды түзөт. Орточо айлык 22600 сомду түзөт.

Жыйындын соңунда район башчысы «Таш-Темир» ААКтын эмгек жамаатына ишкананын туруктуу иштешине кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.