Алматы шаарында өткөн бокс боюнча чоңдор арасында салтка айланган турнирде мушташ боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Санжар Акматов 1-орунга ээ болду.

Турнир Казакстандын биринчи коргоо министри, Советтер Союзунун Баатыры Халык Кахармананын, армиянын генералы Сагадат Нурмагамбетовдун жаркын элесине арналды.

Мелдеш  Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчуларынын катышуусунда өттү.

Турнирге Санжардан тышкары АӨБСМнин башка тарбиялануучулары да катышты: Сатыбалды уулу Сагын 75 кг салмакта, Нишонов Ыхтияр (67 кг), Ходжиев Анвар (51 кг) жана Култаев Аскат (67 кг).

Санжар спорт чеберине талапкер жана 2021-жылдагы бокс боюнча жаштар арасындагы КР чемпионатынын чемпиону. Былтыр Дубайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында да 2-орунду ээлеген.

Машыктыруучу - Кенжебек Мусакунов.

Спортчуга жана машыктыруучуга мындан аркы ийгиликтерди жана  чоң жеңиштерди каалайбыз!