«Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «Бишкексууканал» башкармалыгы тарабынан пландуу профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Суу менен камсыздоо кызматынын адистери Фирсов көчөсүнүн бир бөлүгүндө диаметри 100 мм болгон түтүктү алмаштырышты.

Жер астындагы инженердик коммуникациялар алмаштырылгандан кийин асфальт төшөө пландалууда.

Шаарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана суунун коромжусун азайтуу максатында «Бишкексууканал» башкармалыгы 2022-жылы 8 чакырымга жакын суу түтүктөрүн алмаштырууну пландоодо.