Борбор калаанын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) өтөт.

ЖРТ үч этапта өтөт:

- 24, 25-майда Свердлов районундагы №4 МГ, №38 ОТК МГ, №45 орто мектеп, №65 ЭЭЛ, №66 ОТК, №94 орто мектептеринин базасында;

- Ленин районундагы № 9 ОТК МГ, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында;

- 27, 28-майда Октябрь районундагы №3, №26 ГК, №39, №62 ОТК МГ, №63, №64, №88 мектептердин базасында;

- Биринчи май району боюнча №6 АОТК, №27 орто мектеп, №28, №29 ОТК МГ, №24 МГ, №69 ОТК МГ мектептеринин базасында.

Белгилей кетсек, 24, 25-июнь күндөрү ЖРТ жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, жогорку окуу жайга тапшырууну чын жүрөктөн каалайт.