Свердлов райондук администрациясында балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Балдардын иштери боюнча комиссиянын отурумунда  Социалдык өнүктүрүү башкармалыгнын, райондук билим берүү борборунун  социалдык кызматкерлери, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальниги катышты.

Комиссиянын мүчөлөрү Свердлов райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунан  чыгаруу, интернаттартык мекемелерди аныктоо,  мүлктүк мүнөздөгү маселелерди кароо, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн жана балдарды  коргоонун жеке пландарын бекитүү,  балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу боюнча 12 материалды карап чыгышты.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондук администрациялардын  балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.